32 Категория: Политика - Published: 09/03 - 15:45

Орусиянын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов: “Иранга максималдуу кысым көрсөтүү” деген акылсыз саясатты токтотууга мезгил келди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов кечээ, дүйшөмбү күнү “Твиттерде” билдирүү жасап, АКШны Иранга карата максималдуу кысым көрсөтүү саясатын токтотууга чакырды.

“Өзөктүк келишим кадимки иштеген калыбына келиши үчүн Иранга максималдуу кысым көрсөтүү деген акылсыз саясатты токтотууга мезгил келди”, - деп жазды Орусиянын өкүлү.

АКШ 2018-жылдын 8-майында мыйзамсыз чыгып кеткенден кийин, Иранга кысым көрсөтүү саясатын баштаган.

Жо Байден баштаган АКШнын жаңы администрациясы Трамптын Иранга карата саясатынын ийгиликсиздигин моюнга алып, өлкөсүн Коопсуздук Кеңеши бекиткен келишимге кайтарып келүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Бирок, Байдендин өкмөтү акыркы күндөрү ар кандай шылтоолорду айтып жатышат. Иран АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келиши үчүн эч кандай жаңы шарттарды же талаптарды кабыл албай тургандыгын билдирген.

Теги: