• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
23 Категория: Политика - Published: 09/03 - 14:15

Американын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы өлкөсү Иран тараптан "конструктивдүү сунуш" күтүп жатканын билдирди.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Эдвард Прайс маалымат жыйынында Европанын өзөктүк келишимдин тараптары менен жолугушууга катышуу сунуштаганын жана Вашингтон Иран тараптан "конструктивдүү сунуш" күтүп жатканын билдирди.

“Ирандыктардын ар кандай билдирүүлөрүн көрдүк жана Тегерандан конструктивдүү сунуш күтүп жатабыз”, - деди Эдвард Прайс. Ал Европа Биримдигинин 5 + 1 форматында расмий эмес жолугушуу өткөрүүнү сунуштаганына токтолуп, “Дипломатия - Ирандын өзөктүк программасына каршы чыгуунун мыкты жолу деп биз башынан эле айтып келгенбиз. Ирандын өзөктүк программасынын чектөөлөрүн дайыма текшерүү жана Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбошун камсыздоо - биздин түпкү максатыбыз”, - деди.

Ошондой эле, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү президент Жо Байдендин администрациясы кызматка келген алгачкы күндөн тартып эле союздаштары, өнөктөштөрү жана Конгресстин мүчөлөрү менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Ак үй АКШ өлкөнүн мурдагы өкмөтү чыгып кеткен “Биргелешкен комплекстүү иш-чаралар планы” деп аталган Иран өзөктүк келишимине кайтып келүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
102.46
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
+0.01
TMT
24.23
+0.01
UZS
0.01
+1.25

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+17°C Бишкек
+17°C Алматы
+18°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+20°C Ташкент

Соцсети