46 Категория: Политика - Published: 05/03 - 11:18

Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде “Аль-Жазирага” берген маегинде АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келиши үчүн сүйлөшүүлөрдүн кажети жок деп билдирди.

”Yjc” агенттиги маалымдагандай, Хатибзаде Вашингтон алгач өзөктүк келишимге кайтып келип, андан соң сүйлөшүү үстөлүнө отурушу керек деди. Ал АКШнын саясатында эч кандай өзгөрүү болбогонун айтып, АКШ тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй туруп, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү бузган тарап деп билдирди. “АКШ өзөктүк келишимге кайтып келгенден кийин сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт”, - деди ал.

Иран ТИМинин өкүлү маегинин дагы бир бөлүгүндө Ирактагы акыркы кол салуу  шектүү экенин жана анда сионисттик режимдин катыштыгы бар экени көрүнүп тургандыгынын белгиси деп билдирди. Мындан тышкары, ал Йемендеги согуш жөнүндө дагы пикирин билдирип, Сауд Аравияны Йеменди курчоону жана согушту токтотууга чакырды. Ал Сауд Аравия баш болгон бардык өлкөлөр Йемендеги согушту токтотушу керек деди. “Йемендеги көйгөйдүн тамыры - Сауд Аравиянын жана анын союздаштарынын агрессиясы”, - деп кошумчалады Хатибзаде.

Теги: