• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
91 Категория: Политика - Published: 26/02 - 16:36

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Армениядагы кырдаалды кризис катары мүнөздөдү.

Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал ошондой эле Армения эч качан мындай кейиштүү абалда болгон эместигин, өлкөнү мындай абалга жетекчилик алып келгенин билдирди. “Армения эч качан мынчалык аянычтуу абалда болгон эмес. Аларды ушул абалга жетекчилери алып келди.  Арменияны 20 жыл башкарган хунтанын лидерлери - Кочарян-Саркисян хунтасы жана андан кийин келген өкмөт”, - деп Алиев билдиргенин анын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өз элине күч колдонбоону эскерткен. Пашинян куралдуу күчтөрдүн талабынан кийин башкы штабдын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алганын айткан. Шаршембиде Армениянын президенти Армен Саркисян Пашиняндын сунушу менен куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Тиран Хачатрянды кызматтан бошоткон. Ал маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, өкмөт башчысынын “Искандер” комплекстери жөнүндө сөздөрүн шылдыңдаган.

“Согуштан кийинки мезгилге келсек, учурда Азербайжандын өнүгүп жаткандыгын жана калыбына келтирүү иштери башталганын бардыгы көрүп жатат. Ал эми Арменияда болсо кризис болуп, алар бири-бирин күнөөлөп жатышат. Чет элдик өкүлдөр бизге армян коому биримдикти көрсөтөрүн жана армян коомунда улуттук биримдик бар экенин ар дайым айтып келишкен. Эми биз бул улуттук биримдик кайда экенин көрүп жатабыз”, - деп Алиев билдиргенин анын басма сөз кызматы маалымдады.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети