• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
39 Категория: Политика - Published: 26/02 - 11:12

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде Армениядагы бардык тараптарды сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болууга болууга чакырды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Ал Тегеран Арменияда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турарын айтып, бул өлкөдөгү бардык тараптарды сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болууга болууга чакырды. Кечээ, 25-февралда Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарян Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, ага өз элине каршы күч колдонбоону эскерткен.

Билдирүү жарыялангандан бир нече мүнөттөн кийин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Гаспарянды кызматтан кетирип, Фейсбуктагы аккаунтуна мындай деп жазган: “Башкы штабдын билдирүүсүн аскердик төңкөрүш жасоо аракети деп эсептейм. Биздин бардык тарапташтарыбызды жана колдоочуларыбызды азыр Республика аянтына чакырам. Жакында түз эфир аркылуу коомчулукка кайрылам”. 

Армениядагы окуялар айрым өлкөлөрдүн реакциясын жаратты. Орусия өкмөтүнүн расмий өкүлү Москва Арменияда болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып турганын айтып, бирок аны өлкөнүн ички иштеринин бир бөлүгү деп эсептерин билдирген. Түркия дагы Армениядагы төңкөрүш аракетин айыптады.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети