27 Категория: Политика - Published: 25/02 - 15:49

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары: Биз бардыгыбыз Сирияга 2021-жылдагы шайлоону өткөрүүгө жардам беришибиз керек.

“IRNA” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский эл аралык коомчулукту Сирияга 2021-жылдагы шайлоону өткөрүүсүнө жардам берүүгө чакырды.
Ал Сириянын шайлоо өткөрүүгө толук укугу бар экендигине жана ага эч кандай мыйзамдык жобо тоскоолдук кылбай тургандыгына токтолуп, президенттик шайлоо жана жаңы Конституция эки башка процесс экендигин, андыктан Конституциялык эмес добуштарды кароого негиз жок экендигин билдирди.
“Биз  бул шайлоону тааныбайбыз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз деп жарыялаган айрым Европа өлкөлөрүнүн пландары жөнүндө укканбыз. Биз бул өлкөлөргө шайлоону өткөрүү жана ага катышуу бардык сириялыктардын укугу экендиги талашсыз деп айтышыбыз керек”, - деди Полянский.
Быйыл өтө турган Сириядагы президенттик шайлоо өлкөдө саясий-аскерий кризис башталган 2011-жылдан берки экинчи шайлоо. 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан өлкөнүн азыркы Конституциясына ылайык, шайланган президент жети жыл бою бийликте отурат.
Алдыдагы шайлоону 2021-жылдын 16-апрелинен 16-майына чейин өткөрүү пландаштылырган. Шайлоого Сирияны 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан учурдагы президент Башар Асаддын катышуусу күтүлүүдө.

Теги: