• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
39 Категория: Политика - Published: 24/02 - 15:18

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррель Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди дипломатиялык жеңиш деп атады.

Бул тууралуу “Ilna News” агенттиги “Атлантикалык Кеңеш” аналитикалык борборуна шилтеме берип кабарлады. Боррель  өзөктүк келишимдеги ар кандай маселелерге токтолуп, чечүүнү талап кылган башка маселелер болушу мүмкүн экенин, бирок баардыгын бир маалда чечүүгө болбостугун, анткени диалог туңгуюкка кептелгенин билдирди.

“Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим дипломатиялык жеңиш болуп саналат жана биз аны менен сыймыктанабыз. Трамптын администрациясы келишимден чыгып кеткенден кийин биз аны сактап калууга аракет кылдык”, - деди ал. “Иран Трамп келишимден чыкканга чейин өз милдеттенмелерин сактады жана аны узак убакытка чейин карманды, бирок биз экономикалык милдеттенмелерибизди аткарган жокпуз. Бул жөнөкөй маселе эмес. Иран санкцияларга ачууланды. Биз Instex менен мыйзамдуу соода жүргүзүүнү баштоону каалаганбыз, бирок андан эч натыйжа чыккан жок”, - деп белгиледи Боррель.

Анын айтымында, Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы макулдашуу менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өзөктүк келишимди негизги жолго кайтаруу керек. Бул үчүн Иран өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши керек жана Иранга каршы санкциялар алынышы зарыл. “Өзөктүк келишим жөн эле өзөктүк келишим эмес, ал экономикалык келишим да болгон”, - деп баса белгиледи Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррель.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+22°C Дүйшөмбү
+30°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети