• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
15 Категория: Политика - Published: 24/02 - 11:34

Массачусетс штатынан сенатор-демократ Эдвард Марки дагы башка 10 сенатор менен бирге АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Иран менен дипломатияга баруу аракетин колдошту.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Марки Байдендин Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдеги бардык тараптарды өз милдеттенмелерин толук аткаруусуна кайтаруу боюнча дипломатиялык аракеттерин колдогон план сунуштады. Бул планда өткөн жумада Байдендин администрациясы Европа Биримдигинин өзөктүк келишимде калган тараптар менен сүйлөшүүлөргө кошулууга чакыруусун кабыл алып, 2015-жылы түзүлгөн келишимдин толук кандуу аткарылышын жандандырууга жасалган биринчи кадам болгону айтылат.

Байдендин Иран менен дипломатия орнотуу боюнча колдоо планын Эдвард Маркиден тышкары, Элизабет Уоррен, Берни Сандерс, Тэмми Дакуорт, Патрик Лихи, Дайэнн Файнстайн, Крис Мёрфи, Тэмми Болдуин, Патти Мюррей, Крис Ван Холлен  жана Жефф Меркли кол койду. Эдвард Марки президент Байден Ирандын өзөктүк куралынын эшигин туура жапкан дипломатиялык кадамдарды жасоого укуктуу экенин айтып, Трамптын 2018-жылы Ирандын өзөктүк келишиминен чыгышы АКШны Тегерандын жүрүм-турумуна каршы туруу үчүн колдоосу керек болгон союздаштардан алыстатканын билдирди. Ал Трамп 2018-жылы өзөктүк келишимден бир тараптуу чыкканга чейин, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) жана АКШнын чалгындоо коомчулугу Иран келишимди толугу менен аткаргандыгын тастыкташканын белгиледи.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети