• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1132 Категория: Политика - Published: 15/03 - 10:08

БИШКЕК, 15-март. — Eurasia Today. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды.

Бул тууралуу 14-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "тажик тарап расмий эскертүүсүз эле кыргыз жарандарын өлкөгө киргизбей коюуда".

"Душанбе эл аралык аэропортундагы чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурларда кайра авиабилет сатып алууда жана транзиттик аймакта кийинки каттамды күтүүдө кошумча чыгымдар жаралууда", – деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кеткен. Бул окуядан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети