• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1198 Категория: Политика - Published: 10/03 - 14:56

БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today.  Мындан ары мамлекеттик жетекчи кызматтарга тааныш, жердешчилик, дос, тууган аркылуу бара алышпайт.

Бул тууралуу Президенттин Маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Бүгүн, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун акимдери дайындалды. Райондук Администрацияга жетекчи болуп келгендер - Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Регионалдык резервинен сынактан өтүп, резервде турган.

Учурдан пайдаланып мамлекеттик кызматтарга дайындоо тартиби тууралуу айтып кетүүнү туура көрдүк. Мурдатан адат болуп калгандай, азыр деле кайсы бир кызмат орундары бошосо, тааныш издеп, суранып чуркагандар бар. Бирок андан натыйжа чыкпай турганын эскертебиз.

Мамлекеттик кызматка барууну максат кылсаңыз, сынак тапшырып, резервге кирип коюу керек. Мамлекет кадрларды издегенде тажрыйбасына, профессионалдык деӊгээлине карап кызматтарга чакырат. Бүгүнкү дайындалган жетекчилер дагы так ушундай тартип менен дайындалды. Керек болсо, өздөрү дагы билген эмес.

Квалификациялык талаптарга туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары Муниципалдык резервге, Шаардын мэрлигине, вице мэр, айыл өкмөт башчылыгына тура алышат",- деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+7°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети