Ошоблусунунбашчысыжерлердимыйзамсызээлепалганбы?Депутаттармененоблусжетекчининдооматтары
- Подробности
- Просмотров: 1208
БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында, депутат Жусупбек Коргонбай уулу, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зыядин Жамалдиновду сындап чыкты.
Депутаттын айтымында, облус жетекчиси Ноокат районундагы токой чарбанын жана Кулатов айыл өкмөтүндөгү жерлерин бир тууган агасына каттатып алганын айтып чыкты.
Эл өкүлү УКМК, прокуратурага кайрылып, Жамалдиновдун мүлкүн текшерүүнү талап кылды.
"Оштун губернатору 2021-жылы Ашыр-Атага караштуу токой чарбанын жерин, үйүн кошо, өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып, жерлерди алып алыптыр. Андан сырткары, Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Жинжиген деген участоктон, 14/3 токтому менен 181 гектар жерди, анын ичинде 5 гектары мөмө-чөмө иштетем деп туруп, ушул жерди да Жамалдиновго каттатып алыптыр",-деди Коргонбай уулу.
Мындан сырткары, ЖК депутаттары Эмилбек Жусупов, Алишер Козуев жана Надира Нарматовалар да Жамалдиновго байланыштуу маселе көтөргөн. Анда гектарлаган жерди ээлеп алганы, инвесторлорду иштетпей жатканы жана кадр саясатына аралашарын сындашты.
Депутаттардын мындай дооматтарына президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жооп кайтарып, алардын айткандары негиз экенин билдириди. Анткени сын айткан депутаттар Жамалдиновго кадр маселеси тууралуу телефон чалгандарын жана алардын суранычтарын аткарбай койгондуктан алар ушундай кадамга барып жатышы мүмкүн деген оюн билдирди.
"Коргонбай уулу Жусуп мага кадр маселеси боюнча да кайрылган. Бирок мен чечип берген эмесмин. Анан Алишер Козуев боюнча да маалыматтар бар, анткени жакында бир жерге жаңы айыл өкмөт дайындалган экен, ошону ошол аркылуу келди деп деген маалымат бар. Демек ал балким акимге чалган болушу мүмкүн же башка жолдор менен койдурткандыр", -деди.Жамалдинов.
Ошондой эле ал текшерүүгө өзү да кызыктар экенин белгилеп, журналисттерди да ушул боюнча маалыматтарга тыкыр көз салып турууга чакырды.
"Мени "бизнеске бут тосуу менен алектенет, бир дагы күн бизнесте иштеген эмес, ушунча мүлк жыйнады" дейт. Менин Бишкек шаарында бир эле үйүм бар. Ысык-Көлдө дагы пансионаттары бар дешти. Ушунун баарын текшеришсин. Мен билбей жүргөн пансионаттарым болсо анда мага таап беришсин. Баарын текшеришсин",-деди Жамалдинов.
Валюта курсу
Аба ырайы