• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1259 Категория: Политика - Published: 09/03 - 17:17

БИШКЕК, 9-март. — Eurasia Today. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Жапаров коңшу өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугуп, бир катар өнөр-жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышты.

Кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан президентинин администрация жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

«Мамлекет башчыларыбыз тарабынан айтылган демилгелерди жана макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу чек ара аймактарынын экономикалык өнүгүүсүнө мультипликативдик эффект түзүп, кошумча инвестицияларды тартууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жыйынтыгында калктын жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле 30 жылдын ичинде эки республиканын ортосунда бир туугандык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо көрсөтүү маанайында кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

Бул жаатта Акылбек Жапаров эки өлкөнүн экономикасы жакынкы келечекте тышкы соодадагы 2 млрд доллар көлөмүндөгү чекти басып өтүү үчүн жетиштүү потенциалга ээ экендигин баса белгиледи.

«Бул максатка цементти, көмүрдү, түстүү металлдарды, айыл чарба жана текстиль продукцияларын, химиялык жер семирткичтерди, тиричилик жана коммерциялык жабдууларды, фармакологиялык дармектерди өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү аркылуу жетишүүгө болот», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы. 

Өз кезегинде Сардор Умурзаков бардык түзүлгөн келишимдерди жана даяр долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Акылбек Жапаров унаа жана  электр жабдууларын чыгарган заводдордун иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы 8-мартта Анжиян облусунун Асаке шаарындагы UzAuto Motors ишканасына барып, өндүрүш процесси менен таанышты.

Акылбек Жапаров Асака шаарындагы автозавод инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү экендигин айтып, «UzAuto Motors» заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу керек экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган ишкананын конвейеринен Chevrolet бренди менен Spark, Nexia, Cobalt, Lacetti (Gentra), Damas, Labo, Malibu, Tracker, Equinox, Trailblazer, Traverse жана Tahoe сыяктуу автоунаа үлгүлөрү чыгарылууда.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Ташкент шаарындагы «Toshelectroapparat» ишканасында болду. 

Акылбек Жапаров өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын белгилеп, Жалал-Абад облусунда Ташкенттеги заводду керектүү көлөмдө комплекттөөчү тетиктер менен камсыз кылууга жөндөмдүү ишкана бар экенин билдирди. 

Ал президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мындай кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Toshelectroapparat» компаниясынын продукциясын электр тармактары, электр өндүрүүчү, темир жол, тоо-кен, мунай-газ ишканалары кеңири колдонушат. Алардын ассортиментине түрдүү электр жабдуулары жана электр эсептегичтери (электр энергиясын көзөмөлдөөнүн жана эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) кирет.

Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Өзбекстандагы бир катар текстиль ишканаларында болушту

Министрлер кабинетинин төрагасы жана КР өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан «Global Textile», «Fazman Textile», «Art Soft Holdings» жана «Iftihor Kiyim Sanoat», ишканаларында болушту.

«Global Textile» фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгиледи.

«Муну эске алуу менен Өзбекстандын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», - деп билдирди Жапаров.  

Андан соң кыргыз делегациясынын мүчөлөрү «Art Soft Holdings» жана «Fazman Textile» компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышып, ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер саналган («ADIM» бренди) «Iftihor Kiyim Sanoat» ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушу менен таанышты. 

Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукциянын сапатын эл аралык сертификациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети