БИШКЕК, 7-март. — Eurasia Today. Канат Джумагазиев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Джумагазиев Канат Сагынович Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини аймактын активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев тааныштырды.
Белгилей кетүүчү жагдай, 6-мартта Жер мунапысы боюнча тапшырмасы боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алган.
Валюта курсу
Аба ырайы