БИШКЕК, 24-ноябрь. — Eurasia Today. Москва Сирия менен Түркиянын президенттери Башар Асад менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу үчүн аянтча берүүгө даяр.
Бул тууралуу 24-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин, Лаврентьев Түркия Сирияда толук кандуу аскердик операция өткөрбөйт деп үмүттөнөнүп жатканын билдирген.
Түрк президенти Сириянын лидери менен жолугушуу мүмкүн экенин айткан. Андан соң Hürriyet гезитинин баяндамачысы Абдулкадир Селви жолугушуу Россияда президентинин ортомчулугу менен өтүшү мүмкүн экенин билдирген.
20-ноябрда Түркия мыйзамсыз деп табылган Сириядагы Күрдистан жумушчу партиясына каршы абадан операция баштаган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү Сириянын төрт аймагына жана Ирактын бир аймагына сокку урган. Операция учурунда 471 объект бутага алынып, 254 террорист жок кылынган.
Түркиянын Коргоо министрлиги операция 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардырууга жооп иретинде жүргүзүлүп жатканын түшүндүрдү.
Эске салсак, теракттын натыйжасында алты адам каза болуп, дагы 81и жарадар болгон.
Валюта курсу
Аба ырайы