• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
207 Категория: Картина дня - Published: 13/07 - 15:49

БИШКЕК, 13-июль. — Eurasia Today. Ирактын түштүгүндөгү Ди-Кар провинциясында коронавирус менен ооруган бейтаптар жаткан “Имам Хусейн” ооруканасында кычкылтек баллону жарылып,  ири өрт чыкты.

Эн-Насирия шаарындагы ооруканада чыккан өрттө каза болгондордун саны 77ге жеткенин РИА Новости агенттиги провинциянын Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин 52 адам каза болгондугу маалымдалган.

Өрт вируска чалдыккан бейтаптар үчүн 70 орундуу жаңы палатада кычкылтек баллонунун жарылуусунан кийин чыккан. Өрт чыккан учурда ал жерде 63 адам болгон. Маалыматта учурда өрттөн жабыркаган ондогон адамдар оор күйүк менен оор абалда экени айтылат.

Алгачкы мүнөттөрдө оорукананын администрациясы 20га жакын адамды эвакуациялоого жетишкен, кийинчерээк жалын медициналык мекеменин бардык имараттарын каптаган.

Куткаруучулар ири өрттү өчүрүүгө жетишти, коронавирус инфекциясы менен ооругандардын айрымдары медициналык мекемеде көпкө чейин камалып турушкан.

Аймактын Саламаттыкты сактоо министрлиги чукул кырдаал режимин киргизип, окуя болгон жерге региондун бийлик өкүлдөрү  барды.
Ирактын жарандык коргонуу башчысынын айтымында, имарат тез күйүп кетүүчү материалдардан курулган, ошондуктан өрткө туруштук бере алган эмес.

Эске салсак, Иракта COVID-19 менен ооругандар үчүн ооруканада мындай өрт биринчи жолу болуп жаткан жок. Апрель айынын аягында Багдаддын түштүк-чыгышында жайгашкан “Ибн Хатиб” ооруканасында өрт чыккан. Анда дагы кычкылтек баллону жарылып кеткен. Өрттүн кесепетинен 82 адам каза болуп, кеминде 110 адам жаракат алган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети