• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
408 Категория: Картина дня - Published: 05/07 - 17:22

БИШКЕК, 5-июль. — Eurasia Today.  5-июлга караган түнү Талибан Ооганстандын Бадахшан провинциясынын алты уездин толугу менен көзөмөлгө алганын республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, согушкерлер атап айтканда, Тажикстан менен чектешкен Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султон Ишкашимди басып алышкан.

Мындан тышкары, салгылашуудан кийин Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн 1000ден ашуун аскери Тажикстандын аймагына качып киришкен.

Учурда аталган чек ара аймактарындагы кырдаал тажик чек арачыларынын көзөмөлүндө экенин  Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү Талибандар басып кирип жаткан түндүк райондордо каршы чабуул  коюуну пландап жатканын Ооганстандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб РИА Новостиге билдирди.

Ал каршы чабуул сөзсүз түрдө жасаларын айтты.

“АКШ жана чет элдик аскерлер чыгып жаткан учурда Талибан вакуумдан пайдаланып,  эскертүүсүз чабуул баштады. Бул капыстан басып кирүү болду, анткени, мен буга чейин айткандай, биз согушту эмес, тынчтыкты күтүп турганбыз”, - деди Мохиб.

Эске салсак, Ооганстандан америкалык аскерлер чыгып жаткан учурда, июнь айынын орто ченинен бери Талибан согушкерлеринин активдүүлүгү күч алды. Тажикстан согушкерлердин  чабуулун кайтарууга жана качкындарды кабыл алууга даярданууда.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен Талибандын ортосунда айыгышкан кармаш Тажикстан менен чектеш төрт аймакта жүрүп жатат.

Бадахшан провинциясынын 28 районунун 18и согушкерлердин көзөмөлүнө өттү. Жалпысынан май айынан бери Талибан Ооганстандын 150дөн ашуун районун басып алган.

Мындан тышкары, Талибан Балх провинциясындагы Калдар аймагын көзөмөлгө алган. Ал Өзбекстан менен чектешет. Буга байланыштуу коңшу Өзбекстанда аскердик машыгуулар башталган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.71
+0.01
EUR
100.39
-0.26
KZT
0.20
-0.05
RUB
1.16
+0.12
TJS
7.49
+0.59
TMT
24.22
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+17°C Нур-Султан
+18°C Бишкек
+18°C Алматы
+25°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети