• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
20 Категория: Картина дня - Published: 29/04 - 11:24

Бишкек, 29-апрель. — Eurasia Today. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чырга байланыштуу Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Буларга кошумчалап, Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергилктүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын абалы оор экени кабарланган.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.66
0.00
EUR
102.73
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.03
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+13°C Москва
+12°C Нур-Султан
+6°C Бишкек
+5°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+19°C Ашхабад
+14°C Ташкент

Соцсети