• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
148 Категория: Картина дня - Published: 31/03 - 16:01

Көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, Иранда да муктаж жана үй-жайсыз адамдарга жардам берүү адатка айланган. “Керек эмес нерсеңди кой, керегиңди ал”, - деп Ирандагы биринчи “боорукердик дубалына” жазылган. Биз бул макалада бөлүү үчүн дээрлик колдонулуп келген “дубал” кантип биримдиктин символу болуп калгандыгын айтып берүүнү чечтик.

Дүйнөнүн ар бир шаарында үй-жайсыз калып, көчөдө жашоого аргасыз болгон адамдар бар. Алар баарынан да биринчи айрыкча кыш мезгилинде, жылуу кийимге муктаж болушат. Дээрлик бардык эле шаарларда косметикалык оңдоону талап кылган дубалдар бар, аларды шаардыктардын пайдасы үчүн колдонсо болот.

Мисалы, Иран Ислам Республикасында үй-жайсыз жана муктаж адамдарга жардам берүү үчүн үйлөрдүн дубалдарын, тосмолорду колдонууну чечишкен. Мындайча айтканда, эки нерсени пайда менен айкалыштыруу: бир эле учурда дубалды жагымдуу кейипке келтирип, коомдук-пайдалуу долбоорду түзүү.

Биринчи “боорукердик дубалы”, албетте, кийинки дубалдардай кооз болгон эмес, анын башкы максаты - муктаж адамдарга жардам берүү жана ар бир адамда мээримдүүлүктү ойготуу болгон. Ал 2015-жылы Ирандын түндүк-чыгышындагы 2,5 миллион тургуну бар Мешхед шаарында пайда болгон.

Ирандын Мешхед шаарындагы биринчи “боорукердик дубалы”  СҮРӨТ: Amir Ali Razzaghi /Mehr News

Аны ким түзгөнүн эч ким так айта албайт, бирок Иранда пайда болгон “боорукердик дубалы” деп аталган тилектештик демилгеси адамдардын жүрөгүн багындырып, тез арада социалдык тармактарда жайыла баштаган. Колдонуучулар “боорукердик дубалынын” сүрөттөрүн жана видеолорун интернетке #WallOfKindness хештеги менен жүктөй башташкан. Ал кыска убакыттын ичинде Ирандын ичинде эле эмес, дүйнөнүн ар кайсы шаарларында “оффлайн” түрүндө жүзөгө ашырылган.

Ирандагы дагы бир “боорукердик дубалы”

Тегеранда көчөлөрдө дубалдар белгиленип, аларга илгичтер илинген. Адамдар бул жерге үй-жайсыздарга жана жакырларга пайдалуу боло турган кошумча жылуу кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү жана башка керексиз нерселерди алып келип илип кетишет. Дубалдарда мындай деп жазылган:

“Керек эмес нерсени ыргытып жиберүүнүн ордуна, аны муктаж адамдарга берген жакшы. Керексиз нерселердин бардыгын ушул жерге алып келиңиз, жакырлар жана үй-жайсыздар муктаждыктарын алып кетишет”.

Бул жерде жашоочулардын бири өзүнүн тосмосуна “боорукердик дубалын” жасоону чечкен

Башка өлкөлөрдө да бул идеяны бөлүшкөн жана бардыгын бул нерсени кайталоого чакырган илгичтер жана белгилер бар кооз дубалдар жасала баштаган. Ошентип, бөлүү үчүн дээрлик колдонулуп келген “дубал” биримдиктин символу болуп калган.  Бул демилге көчөдө жашаган көптөгөн адамдарга жардам колун сунду. Мындай дубалдар тез эле Кытай, Индонезия, Пакистан жана Индияда пайда болгон.

Швецияда Рождество алдында, кыймылсыз мүлк агенттиги жарнамалык билдирүүсүн тилектештик менен айкалыштырып, жаңы “боорукердик дубалын” түзүүнү чечкен. Бул өлкөдө Instagram социалдык тармагында баракча түзүлүп, дубалдардын сүрөттөрү жана видеолору жайгаштырылган.


Италия дагы кайдыгер калбай, түндүктөн түштүккө карай чапандар жана жылуу кийимдер илинген дубалдар пайда боло баштаган. Демилгеге Италиянын ондогон шаарлары кошулган: Латина, Монце, Черренто, Саннита, Парма, Палермо жана Борго Сан-Лоренцо, Болонья ж.б.

“Боорукердик чатырлары” жана “Тилектештик муздаткычтары”

Эми ирандыктар “боорукердик чатырларын” түзүүгө белсенишүүдө. Ал жерге сыртта кар же жамгыр жаап турса дагы, кийим-кече жана башка нерселерди калтырып койсо болот. Бирок, ирандыктар ушуну менен эле токтоп калган жок, алар үй-жайсыздарга бир гана буюмдар менен эмес, тамак-аш менен да жардам берүүнү чечишти. Шаарларда каалагандар тамак-ашын таштап кете турган атайын муздаткычтар пайда боло баштады.
Кыргызстанда да акыркы жылдары ыктыярчылык деген көрүнүш болуп көрбөгөндөй популярдуу болуп баратат. Дал ушул жарандык бирикмелер өкмөттөргө табигый кырсыктар, кыйроолор менен күрөшүүгө жардам берип, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойношуп, адамдарды куткарууга жана дарыгерлерге жардам көрсөтүштү. Эгерде мындай “Боорукердик дубалдар” Кыргызстандын шаарларында пайда болсо, анда биз үчүн дубалдар бөлүү үчүн болбой, биригүүнүн жана боорукердиктин символу болуп калмак.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.57
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.49
-0.03
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+23°C Тегеран
+6°C Москва
+1°C Нур-Султан
+21°C Бишкек
+21°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+22°C Ашхабад
+18°C Ташкент

Соцсети