• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
353 Категория: Картина дня - Published: 10/03 - 12:54

БИШКЕК, 10-март. — Eurasia Today. Тбилисинин борборундагы митингчилер өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындоону талап кылышууда.

Бул тууралуу активисттердин бири митингде сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз европалык келечекти тандап жатабыз жана бул жетекчилик европалык жолдон тайып баратат. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жана өкмөттүн отставкасы керек", - деди ал.

Митингчилердин айрымдары, анын ичинде оппозициялык партиялардын лидерлери анын талаптарын колдошту.

Буга чейин саясат таануучу жана постсоветтик мейкиндик боюнча адис Андрей Суздальцев Грузиядагы нааразылык акциялары бийликти кулашы менен аякташы мүмкүн экенин РИА Новости агенттигине билдирген.

Кечээ, 9-март кечинде парламент имаратынын алдына чогулган митингчилер акция учурунда кармалгандардын баарын бошотууну жана чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды биротоло чакыртып алуу үчүн пленардык жыйынды дайындоону талап кылышты. Бийлик эки талапты тең аткарды.

Чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы ири нааразылык акциялары Тбилисиде 7-марттан бери өтүп жатат. Полиция митингчилерге каршы суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. Эки күн бою күч органдары 133 адамды кармаган, алар кечээ кечинде бошотулду.

Грузиянын парламентине сунушталган "Чет элдик таасирлердин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын, ЖМКлардын жана субъектилердин реестрин түзүү каралган.

Парламенттик көпчүлүктү түзгөн башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү жаңы мыйзам долбоорун колдоо ниетин билдирип, президент Саломе Зурабишвили ага вето койсо, депутаттар аны жеңүүгө аракет кылышарын билдирген. Оппозициячылардын пикиринде, жаңы мыйзам долбоору өлкөнү Евробиримдиктен алыстатат.

Нааразылык акциясынын биринчи күнүндө АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө президенти Зурабишвили видеокайрылуу жасап, анда митингчилерди колдоорун билдирип, талаштуу мыйзамдын кабыл алынышына бөгөт коюуга убада кылган.

Талаштуу мыйзам чакыртып алынды

"Грузин кыялы" башкаруучу партиясы менен "Элдин күчү" партиясы биргеликте билдирүү жасап, башаламандык жараткан чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору Грузиянын парламентинен чакыртып алынганын билдиришти.

Мыйзам долбоорун чакыртып алуу үчүн пленардык жыйында ага каршы добуш берүү керек – грузин парламенти 10-мартка пленардык жыйынды белгиледи, анын жүрүшүндө добуш берүү болот.
Бирок оппозиция мыйзам долбоору чакыртып алынганына карабастан 10-мартта каршылык акциясын улантарын билдиришти.

Белгилей кетсек, нааразычылык акцияларын тутанткан "Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө" жана "Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзам долбоорлору парламентте "Элдин күчү" кыймылы  тарабынан февраль айында сунушталган.

Мыйзам долбоору сырттан 20% ашуун каржыланган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. "Агент" катары катталган уюмдар жыл сайын каржылык декларация тапшырууга милдеттүү болот.

Каттоодон качууга аракет кылган же декларация тапшырбагандар 25 000 лари (болжол менен 9 500 доллар) айыпка жыгылат. Алардын ишмердүүлүгү Юстиция министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт.

АКШ Грузиядагы нааразылык акцияларына кызыкдар

Грузиядагы толкундоолордун улантылышына АКШ кызыкдар экенин РФтин Федерация кеңешинин мамлекеттик суверендүүлүктү коргоо боюнча комиссиясынын башчысы Андрей Климов «Парламентская газета» басылмасына билдирди.

«Алар (АКШ - ред.) Грузия көзөмөлдөн чыгып баратканын, өлкөнүн бийликтери кандайдыр бир жол менен американын көзөмөлүнөн бошонуш үчүн алгачкы кадамдарды жасап жатканын сезер замат нааразычылык акциялары башталды. Эми радикалдар азыркы грузин өкмөтүн кулатыш үчүн баарын жасап жатышат», - деди ал.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс Грузиядагы тынч демонстранттар ээн-эркин чогулуп, өз позициясын билдире алышы керек деп билдирген. Прайстын айтымында, АКШ администрациясы Грузиядагы чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоору Тбилисинин батыш өлкөлөрү менен мамилесине коркунуч келтирет деп эсептейт.

Ал ошондой эле АКШ чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айланасында түзүлгөн кырдаалдан улам грузин бийлигинин өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт деп белгилеген.

Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорунун чакыртылып алынышын АКШ кубаттады.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс Вашингтон Грузиядагы чет элдик агент мыйзам долбоорунун чакыртып алынышын кубаттарын айтып, өлкөнүн башкаруучу партиясын аны кайра күн тартибине киргизбөөгө чакырды.

"Биз мыйзам долбоорун чакыртып алуу чечимин кубаттайбыз... Биз башкаруучу партияны андан расмий түрдө баш тартууга жана мындай мыйзамдарды көтөрбөөгө чакырабыз, анткени ал грузиндик жана евроатлантикалык баалуулуктарга туура келбейт", - деди ал брифинг учурунда.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+9°C Ташкент

Соцсети