Элчиликкекирипокчыгарды.АзербайжандынИрандагыдипөкүлчүлүгүнөколсалуунунчоо-жайы.Видео
- Подробности
- Просмотров: 335
БИШКЕК, 27-январь. — Eurasia Today. Тегерандагы Азербайжан элчилигине куралдуу кол салуу болуп, бир киши каза таап, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Иран жана Азербайжан маалымат каражаттары кабарлашты.
Кол салуу тууралуу маалыматты Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең мененки саат 8:30да болгон. Куралчан адамдын кол салуусунан элчиликтин коопсуздук кызматын жетектеген Орхан Аскеров каза болду.
Автомат менен куралданган адам полициянын ыкчам аракетинин аркасында дароо кармалган.
Кол салган адамга карата комплекстүү иликтөө иштери жүрүп жатканын укук коргоо органы билдирди.
Тегеран полициясынын башчысы генерал Мехди Рахиминин айтымында, кол салган адам дипөкүлчүлүктүгн имаратына кирип барып, ок чыгарган.
"Алдын ала сурак учурунда кол салган адам бул ишке барганына жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр себеп болгонун айтууда», - деди Рахими.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салган адам элчиликтин коопсуздук постун бузуп кирип, "Калашников" автоматы менен коопсуздук кызматынын башчысын өлтүргөн.
"Кагылышуу учурунда элчиликтин эки күзөт кызматкери жаракат алды. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Валюта курсу
Аба ырайы