БИШКЕК, 26-январь. — Eurasia Today. Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын учурунда айтты.
Анын айтымында, ал Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, ага депутаттардын сунушун айтып, кеңешкен. Андан кийин 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо чечими кабыл алынган.
"Президент дагы ушундай пикирде экен. 1-апрелден баштап аны албагандарга айып салынбай турган болду", - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелинен тарта автоунаа ээлери жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруудан (ОСАГО) өткөрүшү керек болгон. Эгер бул убакытка чейин камсыздандыруу полиси жок болсо жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салына баштары эскертилген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында бир катар депутаттар унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышынын мөөнөтүн жылдыруу сунушун киргизишкен.
Депутат Тазабек Икрамов учурда эл кыйналып турганын, ошондуктан, ОСАГО мыйзамын кийинкиге жылдырбаса, коомчулук арасында нааразычылыктар күчөп кетиши мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле, эл өкүлү камсыздандыруу милдеттүү эмес, ыктыярдуу түрдө болушу керектигин да кошумчалаган.
Мындай пикирге депутат Дастан Бекешев да кошулуп, унааларды милдетүү түрдө камсыздандырууга эл да, компаниялар да даяр эмес экендигин айткан. Ал 1-апрелге чейин айдоочулардын баары ОСАГО полисин алып жетише алышпарын билдирген.
Ал эми, эл өкүлү Нуржигит Кадырбов ОСАГО полисин алуу мыйзамын жылдырыш керек экенин, же камсыздандыруу ыктыярдуу болушу керек экенин айткан.
Ал камсыздандыруучу компаниялардын бардык айдоочуларга полис берүү үчүн техникалык шарты жок экенин билдирген. Анын айтымында, ОСАГО полисин алуу бир топ түйшүк жаратарын, азыр эл ага даяр эмес экенин айткан.
Депутаттар элдин нааразычылыгынан улам митинг чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууларын айтышкан.
Валюта курсу
Аба ырайы