• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
324 Категория: Картина дня - Published: 20/01 - 15:36

БИШКЕК, 20-январь. — Eurasia Today. Кечээ, 19-январда, Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди.

Аны Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин демилгенин парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жардамды ЖК Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, боордоштого эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды берди.


«Сиздердин жашоо-шарт менен таанышкандан кийин депутаттар кайрылуу кылып, натыйжада Эл аралык миграция уюмунун башчысы Бермет Молдобаева колдоо кѳрсѳттү. Минтип гуманитардык жардам катары үй тиричилигине зарыл болгон буюмдарды алып келдик. Эл өкүлдөрүнүн кайрылуусунун натыйжасында “Мерси Ко” эл аралык уюму да көмөктөштү. Андан тышкары, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери да кийим-кече чогултуп беришти», – деди Бараканова.

Аны менен катар Ош шаарындагы “Элим”  клиникасынан эки тиш дарыгери келип, жарандарды кароодон өткөрүштү.

Ал эми жардам алган кайрылмандар эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбеков жети үй-бүлө Памирден келгенине 7 ай болгонун, алар банктын мурунку имаратына жайгаштырылганын билдирди.

"Ар бир үй-бүлөгө жылынуучу мештер берилген. Андан сырткары 7 тонна көмүр да түшүрүлгөн. Кайрылмандарды кыштан аман-эсен алып чыгып кетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кудурети жетет»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Памирден көчүрүлүп келе турган кыргыздар үчүн жаздын алды менен Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтөнүн Бурган-Суу айылында жаңы үйлөр салына баштайт. Ал үчүн 10 млн сомдук тендер өткөрүлгөнүн район акими Темирболот Абыкеев билдирген. Ал үчүн 330 гектар жер трансформация болуп, айыл түшө турган жердин чектери менен көчөлөрү аныкталган жана генпландары чийилип, толугу менен бүткөрүлгөн.

Буга чейин памирлик кыргыздарга жалпысынан 95 турак үй курула турганы кабарланган.

Мамлекет тарабынан райондун Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, памирлик кыргыздарга бөлүп берилген жана алардын үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө  жардам көрсөтүлүп келет. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан да каржылык жардамдарды ар дайым беришет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+4°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети