Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобыль авариясында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.
Иш-чарага Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, мэриянын өкүлдөрү, шаардык Кеңештин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.
Мындан 36 жыл мурун 1986-жылы, 26-апрелде Чернобыль атомдук электростанциясында кырсык болгон. Ал адамзаттын тарыхындагы эң коркунучтуу апааттардын бири катары белгилүү. Атомдук электростанциядагы жарылуунун кесепетин жоюуга 600 миңден ашуун адам катышкан.