• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
4230 Категория: Фотографии - Published: 26/04 - 14:31

БИШКЕК, 26-апрель. — Eurasia Today. Бүгүн Бишкектеги Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобыль авариясында курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.

Иш-чарага Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, мэриянын өкүлдөрү, шаардык Кеңештин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.

Мындан 36 жыл мурун 1986-жылы, 26-апрелде Чернобыль атомдук электростанциясында кырсык болгон. Ал адамзаттын тарыхындагы эң коркунучтуу апааттардын бири катары белгилүү. Атомдук электростанциядагы жарылуунун кесепетин жоюуга 600 миңден ашуун адам катышкан.

Теги: