2458 Категория: Фотографии - Published: 18/04 - 17:20

БИШКЕК, 18-апрель. — Eurasia Today. Иранда Ислам революциясы жеңишке жеткен жылдан бери өлкө армиясынын жана кургактагы күчтөрүнүн улуттук күнү жыл сайын 18-апрель күнү белгиленип келет.

Быйыл да Улуттук армия күнүнө карата Тегеран шаарында аскердик парад өтүп, өлкөнүн аскердик жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Ага мамлекеттик ишмерлер, анын ичинде өлкө президенти Ибрахим Раиси жана жогорку аскер адамдары катышты.

Иш-чарада өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана аскердик техникасы параддан өттү. Анда өлкөнүн аба, кургактагы жана деңиз күчтөрүнүн акыркы жетишкендиктери анын ичинде тик учактары, согуштук учактары, абадан коргонуу куралдары жана косплекстери,  учкучсуз учактары, ракеталар, брондолгон унаалары көрсөтүлдү.

Аскердик параддын максаты - Иран армиясынын жетишкендиктерин жана аскердик күчүн көрсөтүү болуп саналат.

Теги: