3283 Категория: Фотографии - Published: 06/04 - 14:41

БИШКЕК, 6-апрель. — Eurasia Today.  Кыргызстанда "Рамазан чатыры" аттуу социалдык-маданий долбоору өз ишин баштады. Иш-чара 2016-жылдан бери “Умма” журналы тарабынан уюштурулуп, быйыл жетинчи ирет өткөрүлүүдө.

Долбоордун максаты  Рамазан айынын урматына аз камсыз жана муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп эсептелет.

“Рамазан чатыры” эшигин ачкан күндөн тартып Рамазан айынын аягына чейин майрамдык ооз ачууга калктын аярлуу катмары: жалгыз бой энелер, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар үйүндөгү адамдардар, аз камсыз болгондор тизме боюнча чакырылып, күнүгө 100 кишиге акысыз тамак берилет. 

 

Теги: