2759
Категория: Фотографии -
Published: 22/03 - 12:11
БИШКЕК, 22-март. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна 20-21-март күндөрү болгон иш сапары жыйынтыкталды.
Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага, ошол эле күнү Нооруз майрамына арналган байыркы салт болгон сүмөлөк даярдоого катышты.
21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар болуп өттү.
Салтанатта президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарды жаз майрамы менен куттуктап, мекендештерине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Иш сапары аяктап, Мамлекет башчы Бишкек шаарына кайтып келди.