БИШКЕК, 7-март. — Eurasia Today. Кечээ, 6-мартта Иранда бак-дарак отургузуу күнү белгиленди. Бул күндүн урматына өлкөнүн Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана өлкө президенти Ибрахим Раиси жана башка бир катар бийлик өкүлдөрү көчөт отургузушту.
Иранда бак-дарак отургузуу күнү жыл сайын белгиленет. Бул күн көбүнчө кыштын акыркы күндөрү же жаздын алгачкы күндөрү белгиленет. Быйыл 6-мартка туура келген бак-дарак отургузуу күнүндө бийлик өкүлдөрү, аскер адамдары, экологиялык активисттер, окуучулар, студенттер, Тегерандагы чет өлкөлүк дипломаттар көчөттөрдү отургузушту.