• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3769 Категория: Фотографии - Published: 04/03 - 18:12

БИШКЕК, 4-март. — Eurasia Today.  Бүгүн, 4-март Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Дүйнө мусулман айымдын көзү менен” аттуу арт көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимава, Нуржигит Кадырбеков, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, "Мутакаллим" аялдардын коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Иш-чара "Умма" ислам журналы тарабынан уюштурулду.

Анын максаты - мусулман айымдарынын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүү болуп саналат.

Өзгөчө көргөзмөнүн конокторуна түрдүү ыкмада жана багытта тартылган кайталангыс эмгектер тартууланды. 

Көргөзмө 21-мартка чейин улантылат.

Теги: