• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3544 Категория: Фотографии - Published: 03/03 - 15:51

БИШКЕК, 3-март. — Eurasia Today. Бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын мамлекеттик желегинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров параддык эсептер менен саламдашып, андан соң гвардия аскерлери мамлекеттик тууну асабага алып барышты. Мамлекеттик туу гимндин коштоосунда көтөрүлдү.

Андан соң Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик символдорунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Мааракелүү окуянын урматына Ала-Тоо аянтында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу маршы өттү.

Теги: