3559 Категория: Фотографии - Published: 02/03 - 17:53

БИШКЕК, 2-март. — Eurasia Today.  Бишкектеги Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде Иран маданиятынын жумалыгынын ачылыш аземи болду.

Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Анын ачылышында КРСУнун ректору Владимир Нефадьев жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази сөз сүйлөштү.

Иран маданиятынын жумалыгы 9-мартта Бишкек мамлекеттик университетинде, андан кийин Кыргызстан эл аралык университетинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде да өтөт.

Иш-чаранын алкагында: "Ирандын тарыхы жана маданияты", "Иран бүгүн" аттуу сүрөт көргөзмөсү; китеп жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү; тасма көрсөтүү; "Иран таануу" викторинасы уюштурулган.

Викторинада жеңген катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

м

Теги: