КыргызстандынуниверситеттериндеИранмаданиятынынжумалыгыбашталды.Сүрөттөр
- Подробности
- Просмотров: 3557
БИШКЕК, 2-март. — Eurasia Today. Бишкектеги Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде Иран маданиятынын жумалыгынын ачылыш аземи болду.
Иш-чара Ирандын Бишкектеги маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.
Анын ачылышында КРСУнун ректору Владимир Нефадьев жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази сөз сүйлөштү.
Иран маданиятынын жумалыгы 9-мартта Бишкек мамлекеттик университетинде, андан кийин Кыргызстан эл аралык университетинде жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде да өтөт.
Иш-чаранын алкагында: "Ирандын тарыхы жана маданияты", "Иран бүгүн" аттуу сүрөт көргөзмөсү; китеп жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү; тасма көрсөтүү; "Иран таануу" викторинасы уюштурулган.
Викторинада жеңген катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.