• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3763 Категория: Фотографии - Published: 05/02 - 11:25

БИШКЕК, 5-февраль. — Eurasia Today.  Кечээ, 4-февралда, Кытайдын Пекин шаарында XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда болду.

Аземдин меймандарына заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү. Спортчулардын парадына Кыргызстандан Максим Гордеев  катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү.  Олимпиаданын расмий ачылыш аземине өлкө президенти Садыр Жапаров да барган. 

Теги: