• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
3877 Категория: Фотографии - Published: 04/02 - 12:58

БИШКЕК, 4-февраль. — Eurasia Today. Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган.

Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады.

Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан.

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып келген.

Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөн соң 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан  11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Теги: