4098 Категория: Фотографии - Published: 01/02 - 12:28

БИШКЕК, 1-февраль. — Eurasia Today. Кечээ, 31-январда Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү” белгиленди.

Иш-чара борбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.
 
“Умма” ислам журналы уюштурган иш-чара быйыл жетинчи жолу өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты - калыптанган жаңылыш ой пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери 1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү катары белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

Ал эми "Умма" журналы Кыргызстанда жоолук күнүн 2016-жылдан бери уюштуруп келет. Бул күн Кыргызстанда да жогорку деңгээлде белгиленип, жыл сайын айымдар арасында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат.

 

Теги: