• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
5314 Категория: Фотографии - Published: 27/12 - 12:25

БИШКЕК, 27-декабрь. — Eurasia Today. Кыргызстанда биринчи жолу кыздар арасында Куран окуу боюнча республикалык сынак болуп өттү.

Мелдеш борбор калаадагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте өттү.

Сынакта өлкөнүн бардык аймактарынан келген катышуучулар мусулмандар үчүн ыйык Куран китебин мыкты билүү жана окуу боюнча күч сынашты. Финалда баш байге үчүн жалпысынан 18 катышуучу ат салышты. Алар 30 жана 15 пара Куранды жат билүү боюнча эки категорияга бөлүнүп, ат салышты. Куранды эн мыкты окуган үч жеңүүчү Умра сапарына жолдомо алышты. Буга чейин өлкөдө эркектер арасында Куран окуу боюнча биринчи республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылган. Сынактын финалы 25-сентябрда өлкөнүн түштүгүндө Базар-Коргон шаарындагы “Актайлак-Ата” борбордук мечитинде өткөн.

Мындан тышкары, октябрь айында эркек балдар арасында Куранды эң мыкты окуу боюнча “Куран жазы” аттуу эл аралык сынак өткөрүлгөн.

 

Теги: