4418 Категория: Фотографии - Published: 02/11 - 11:19

БИШКЕК, 2-ноябрь. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия королдук үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышып, бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукту.

Кечээ, 1-ноябрда Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.
Салтанаттуу кабыл алууга президент Садыр Жапаров катышты.

Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жапаров салтанатта Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Германиянын мурунку канцлери Ангела Меркель, АКШнын президенти Жо Байден, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, Индиянын премьер-министри Нарендрой Моди, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана башка лидерлер менен жолуккан.

Теги: