1587 Категория: Фотографии - Published: 09/09 - 16:23

БИШКЕК, 9-сентябрь - Eurasia Today.  Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун  туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду.

Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.

“Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты”, - деп айтылат маалыматта. Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.

Теги: