• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
142 Категория: Фотографии - Published: 22/06 - 15:33

БИШКЕК, 22-июнь. — Eurasia Today.  21-июндан 22-июнга караган түнү  Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 1 миң 418 шам жагылды.

Белгилей кетсек, согуш 1418 күнгө созулган.

“Ветерандар 365” коомдук фондунун активисттери "Эскерүү шамдары" акциясын алтынчы жыл катары менен өткөрүп жатышат.

1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып Улуу Ата Мекендик согуш башталган.  Согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.

ФОТО: Владислав Ногай

 

Теги: