• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
84 Категория: Фотографии - Published: 15/05 - 12:32

БИШКЕК, 15-май. — Eurasia Today.  Кечээ, 14- майда Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында «Агро-Куш» ири канаттуулар фермасы ишке киргизилди.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Ферманын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты. Маалым болгондой, бул ферма канаттуулардын этин өндүрүүгө багытталган. Бул жерде канаттуулар багып-өстүрүлүп анан союлат. Фермада ошондой эле жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор да ишке киргизилди. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулуп, жаңы тоют заводу курулган. Ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган. Өлкөдөгү эң ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

 

Теги: