• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
26 Категория: Фотографии - Published: 25/01 - 16:42

Нидерландыда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы масштабдуу нааразычылык акциялары өтүүдө. Полиция Амстердам менен Эйндховендин борборундагы демонстранттарды таркатуу үчүн суу аткыч, союл жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Нааразычылык акциясына бийлик тарабынан уруксат берилген эмес. Митингчилерди таркатуу Эйндховендеги баш аламандыкка алып келди. Демонстранттар унааларды өрттөп, дүкөндөрдү талап-тоноп, жергиликтүү автобекеттин жанында жол кыймылы токтотулду. Полициянын маалыматы боюнча, Амстердамда митингге 1,5 миңге жакын адам чыккан, алардын жүздөн ашыгы камакка алынды.

Теги: