БишкектегиИранэлчилигиндеИсламреволюциясынын44жылдыгыбелгиленди.АгаЖКнындепутаттарыдакатышты.Сүрөт
- Подробности
- Просмотров: 873
БИШКЕК, 10-февраль. — Eurasia Today. Кечээ, 9-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 44 жылдыгы салтанатуу белгиленди.
Иш-чарага КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов, Нуржигит Кадырбеков, Сейит Атамбаев, Алсланбек Малиев, УТРКнын директору Кайрат Иманалиев, Мамлекеттик тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышты.
Быйыл Ислам революциясына 44 жыл толду. Мындан 44 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келип, 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.