ИрандынИсламреволюциясынанкийинкижетишкендиктери.Бишкектесүрөткөргөзмөачылды
- Подробности
- Просмотров: 860
БИШКЕК, 8-февраль. — Eurasia Today. Бүгүн, 8-февраль Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын "Фирдоуси" атындагы перс адабияты борборунда «Иран Ислам Республикасынын жетишкендиктери: Азыркы Ирандын жүзү» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.
Иш чара Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгына карата уюштурулду.
Ага Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, БМУнун Чыгыш таануу факультетинин деканы, профессор Таласбек Машрапов, перс тилин окутуучулар, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Көргөзмөдө конокторго Ирандын Ислам революциясынан кийинки илимий-техникалык жетишкендиктерин чагылдырган сүрөттөр, ирандык жазуучулардын китептери, кол өнөрчүлүк буюмдары ошондой эле Иран тууралуу кыскача видео көрсөтүлдү.
Быйыл Ислам революциясына 44 жыл толду. Мындан 44 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күндөн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан 11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.