1990
Категория: Фотографии -
Published: 28/12 - 15:36
БИШКЕК, 28-декабрь. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык балатыга катышты.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1 100 бала чакырылган. Балдарга жеткинчек балдардын бий топтору тарабынан даярдалган «Жакшылык ыроологон Жаңы жыл» аттуу театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакль көрсөтүлдү.
Андан соң президент Садыр Жапаров майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда чоң ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады. Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.