• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
2425 Категория: Фотографии - Published: 15/12 - 13:11

БИШКЕК, 15-декабрь. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча "Мурас" достук турниринин экинчи күнү башталды.

Бүгүн, 15-декабрда, тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат.

Плей-офф баскычындагы оюндар "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өткөрүлөт.

Эске салсак, кечээ, 14-декабрда, 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар болуп өттү. Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өткөн:  "Президенттин командасы", "Элчилер", "Спорт Жылдыздары", "Спорттук федерациялар", "Коопсуздук", "Ден-Соолук", "Ыйман" жана "Достук".

Теги: