• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
23/09 - 14:55

"Ыйык коргонуу" музейи Ирандын түштүк-батышындагы Хорремшахр шаарында жайгашкан. Ал 1980–1988-жылдагы Иран-Ирак согушуна арналган.

17/09 - 16:35

Маранжаб чөлү - Ирандын Исфахан провинциясынын Кашан шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан. Бул чөлдүн чок ортосунда эски кербен сарайдын болушу анын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө бул кербен сарай туристтерди кызыктырган тарыхый жай катары белгилүү.

16/09 - 16:55

Таиланддын улуттук "Thai Airways" авиакомпаниясы уникалдуу учак ресторанын ачты. Бул тууралуу "Ir.Sputnik" агенттиги жазды. Бармен жана официанттар стюарддардын формасын кийип иштешет. Ресторан күнүнө 2000 адамды тейлейт.

15/09 - 12:56

Ирандагы эң ири аквариум туннели Исфахан шаарынын Нажван токой паркында жайгашкан. Бул аквариум туннели Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум болуп саналат. Бул туурасында "Yjc" агенттиги жазды.

11/09 - 17:29

Шираз - Ирандын маданий борбору. Шаар тоолор менен курчалган жайлуу өрөөндө жайгашкан. Ирандын атактуу акыны жана казалчысы Хафиз ушул шаарда төрөлүп жашап өткөн жана күмбөзү да ушул шаарда жайгашкан. Ошондой эле дүйнөгө аты чыккан улуу перс акындарынын бири Саадинин да күмбөзү Ширазда жайгашкан.

08/09 - 15:16

Ирандын Хузестан провинциясында Фаэзе жана Пуря Сарлак аттуу бир тууган балбандар тиши менен жүк ташуучу унааны сүйрөп, жаңы дүйнөлүк рекорд коюшту.

04/09 - 12:31

Ирандын Нишапур шаарчасындагы Чобин айылында  жыгачтан курулган кооз мечит бар. Анын курулушуна 40 тоннадай жыгач кеткен. Мунараларынын бийиктиги 12 метр болгон мечит мындан 20 жыл мурда Хамед Можтахеди тарабынан курулган.

03/09 - 16:05

Ирандын түндүк-батышында жашаган шахсевендер - ажербайжандардын этнографиялык тобу болуп саналат. Алардын жашаган үйү Борбор Азиянын көчмөн элдеринин боз үйүнө окшошуп кетет.

02/09 - 12:22

Зарибафи - Ирандын улуттук искусствосу. Бул искусство Ахемениддер династиясынын тушунан бери пардаларды жана кийим-кечелерди жасалгалоодо колдонулуп келген.

27/08 - 16:44

Кечээ, 26-август эртең менен  Ооганстандын Парван провинциясынын Чарикар шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, андан улам 100 киши каза таап, 120дан ашууну жаракат алган. Ошондой эле 500дөн ашуун үй талкаланган. фото: ir.sputnik

27/08 - 16:18

"Терме" –  Иранда кеңири таралган колго жасалган абдан кооз кездеменини бир түрү. Терме жибек, жүн жиптеринен кээде алтын, күмүш жиптери кошулуп токулат. 

24/08 - 12:00

Калаш - Ирандын Курдистан провинциясындагы элдердин биринин колго жасалган салттуу бут кийими. Ал табигый буладан жасалат. Калаш жасоо - Мариван элинин байыркы кол өнөрчүлүгүнүн бири болуп саналат.

18/08 - 17:20

Ирандын борбору Тегеран шаарынын метросунда алгачкы коомдук китепкана ачылды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Китепкананын ачылыш аземине Тегеран провинциясынын Коомдук китепканаларынын башкы директору Хади Насери катышты. Бул китепканада 4000дей китеп бар.

17/08 - 17:38

Чөлдүн так ортосунда жайгашка Шахзаде бакчасы - Ирандын Керман провинциясындагы Махан шаарына жакын жайгашкан эң кооз тарыхый бакчалардын бири болуп эсептелинет.

12/08 - 15:40

Калямкари же читсази — бул Ирандын кездемеге сүрөт түшүрүү искусствосу. Сүрөт кол менен  жана атайын мөөр штамптарынын жардамы менен да түшүрүлөт. Калямкаринин өндүрүштүк борбору катары Исфахан провинциясы эсептелет. “Калямкари” перс тилинен которгондо “калям менен иштөө” дегенди түшүндүрөт.

29/07 - 20:30

Быйыл ажылык кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Мекке менен Мединада гигиеналык эрежелерди сактап, зыяратчыларды кабыл алуу үчүн акыркы кадамдарды жасап жатышат. 

28/07 - 17:06

Палестинада салттуу кийимдердин күнү белгиленди. 

27/07 - 17:59

Тажикстанда 1961-жылы жүргүзүлгөн казуу иштеринде археологдор тарабынан VII-VIII  кылымдардагы буддисттердин монастыры табылган. Казуу иштери башталгандан бир нече жыл өткөндөн кийин коридорлордун биринен Борбор Азиядагы эң ири деп таанылган 12 метрлик Будданын айкели табылган.

25/07 - 12:13

Кечээ, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София имаратында биринчи жолу жума намазы окулду. Ага 
миңдеген мусулмандар анын ичинде өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

23/07 - 13:22

Коронавирустун айынан кол алышуунун ордуна чынак тийгизип учурашкан саясий лидерлердин сүрөттөрү.