Кытай Тайвань менен тынчтык жолу менен биригүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр, бирок анын “көз карандысыздыгына” багытталган сепаратисттик аракеттерге жол бербейт, – деген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин алдындагы арал иштери боюнча кеңсесинин өкүлү Чэн Биньхуанын сөзүн CGTN телеканалы келтиргенин РИА Новости жазды.
Муну менен Чэн Биньхуан Тайвандын Демократиялык прогрессивдүү партиясынын саясий ишмерлеринин Пекинде аралга каршы мүмкүн болуучу согуштук аракеттер жөнүндө «графиги» жок деген билдирүүсүнө комментарий берди.
Чэнь белгилегендей, эгер “Тайвандын көз карандысыздыгы” үчүн күчтөр аралдын эгемендигин үгүттөгөн окуяларды козгоого батынса, Пкени аларга жумшак мамиле кылбайт.
“Тайвандын көз карандысыздыгы” согуш дегенди билдирерин баса белгилегим келет”, – деди кытайлык аткаминер.
Ал аралдын тургундарын көз карандысыздыкка каршы болууга жана ортодогу мамилелерди тынчтык өнүгүү жолуна кайтарууга жардам берүүгө чакырды.
Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон. Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.
Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин өткөн жылдын август айынын башында аралга жасаган иш сапарынан кийин кыйла курчуп кеткен. Аралды өзүнүн провинцияларынын бири деп эсептеген Кытай чиновниктин сапарын айыптап, бул кадамын Тайвандык сепаратизмди колдоо катары көрүп, андан соң ири аскердик машыгууларды өткөргөн.


















