Франциянын борбору Парижде 26-июлда башталган Олимп оюндарынын акыркы 5 күндөгү жыйынтыгы менен медалдардын саны боюнча Кытайдын олимпиадалык улуттук курама командасы алдыга чыкты. Алар жалпысынан 9 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медаль утушту.
Буга чейин экинчи орунду Япония камсыздап келатса, азыр аларды Франциянын спортчулары озуп өттү. Башкача айтканда, 5 күндүктүн жыйынтыгы менен 8 алтын, 10 күмүш жана 8 коло медаль жеңишти.
Ал эми үчүнчү орунга түшүп калган Японияда азыр 8 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль бар.
Ошентип медалдардын саны боюнча Австралия (7), Улуубритания (6), Түштүк Корея (6), АКШ (5), Италия (3), Канада (2) жана Германия (2) улуттук курама командалары алдыңкы ондукту түзүп турушат.

Борбор Азия спортчуларынын ийгиликтери
Борбор Азия мамлекеттеринин олимпиадалык улуттук курама командасындагы спортчулар деле колдон келген аракетин көрүшүүдө. Алгачкылардан болуп дзюдо боюнча 60 салмак чен бирдиктеги казак балбаны Елдос Сметов алтын медаль утту. Ал негизги беттеште Токио-2020нын коло байгесинин ээси француз Лука Мхеидзе каршы күрөшкөн. Ошентип азыр Казакстанда 1 алтын, 2 коло медалы бар.

Өзбекстандын капчыгында Диёра Келдиёрова алып келген алтындан башка медаль жок. Ал 28-июлда, 52 килограм салмактагы кыз-келиндер арасында өткөн дзюдо боюнча мелдеште бардык атаандашын жеңип, өз өлкөсүнө алтын медаль тартуу кылды. Келдиёрованын бул ийгилиги көптөрдү суктандырды. Анткени ал Токио оюндарынын эки жолку чемпиону жана дзюдо боюнча дүйнөлүк жылдыздар – япониялык Ута Абэ менен косоволук Дистрия Красникини жеңди.

Олимпиадага 6 спорттун түрү боюнча 14 спортчусу катышып жаткан Тажикстанда азырынча 1 коло медаль бар. Аны дзюдо боюнча балбан Сомон Махмадбеков алып берди. Ал 3-орун үчүн күрөштө италиялык спортчу Антонио Эспозитону жеңип алды.

Ал эми азырынча Кыргызстандын капчыгында медалдар жок. Бирок байгеге илешет деген негизги спортчуларыбыз 5-августтан баштап чыга башташат. Ага чейин сууда сүзүү, дзюдо жана бокс боюнча барган спортчуларыбыз беттештерин өткөрүштү.
Кайсы элден канча спортчу катышууда?
Бул жолку Париж Олимпиадасына 206 өлкөдөн 10 500 спортчу катышууда. Алар спорттун 32 түрү боюнча мелдешип, 329 медаль үчүн байге талашат.

Испаниялык “As” басылмасынын маалыматы боюнча, спортчулардын саны боюнча оюндарда эң чоң делегациясы АКШ (653 спортчу), Франция (622) жана Япония (447) командалары болмокчу.
341 млн эли бар Кошмо Штаттарынан эң көп спортчу катышып жатканы менен беш күндүн жыйынтыгы боюнча алар 5 алтын медалы менен 7-орунду ээлеп келатат.
Көп спортчу катышуу боюнча 83 млн эли менн Германия да бар. Алар олимпиадага 428 жолдомо утуп алышкан. Андан кийин 121 млн эли бар Япония 403, 1,42 млрд. эли бар Кытай 388 спортчу жөнөтүшкөн. Ал эми 1,44 млрд. эли бар Индия мамлекети болгону 117 гана спортчуну жөнөтө алган.
Борбор Азия мамлекеттеринен Кыргызстан – спорттун 5 түрү боюнча 16 спортчу, Казакстан – спорттун 20 түрү боюнча 80 атлет, Өзбекстан – спорттун 19 түрү боюнча 90, Тажикстан – спорттун 6 түрү боюнча 14, жана Түркмөнстан – 6 спортчу жөнөтүштү.
Париж олимпиада катышуучуларынын арасында Орусия менен Белоруссиядан 32 спортчу бар. Алар Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) чечими менен бейтарап статуста катышууга уруксат берилген. Тактап айтканда, спортчулар өз өлкөлөрүнүн желектери жана гимндери жок жарышка чыга алышат.
Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Николь Хеверц орусиялык маалымат каражаттарга билдиргенине караганда, олимпиадага катышуу үчүн РФ жана Беларусиянын спортчуларынан барган арыздын үчтөн бир бөлүгү гана жактырылган. Тактап айтканда, 187 атлеттин 60ы гана кабыл алынган.
Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндары 11-августка чейин өтөт. 16 күндүн ичинде спорттун 39 түрү боюнча 329 комплект сыйлыктын ээлери аныкталат.
2024-жылкы Олимпиада оюндары ушуну менен Парижде үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 1900 жана 1924-жылдары оюндарды өткөргөн.
Кийинки олимпиада төрт жылдан кийин АКШда өткөрүлөт. Тактап айтканда, 2028-жылы Лос-Анжелесте жайкы Олимпиада оюндары өтөт.


















