Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Париж-2024: Олимпиада жеңүүчүлөрүнө кайсы өлкө канча акча берет?

  • Борбор Азия, Спорт, ТОП жаңылыктар
  • 08.08.2024 17:34

Loading

Олимпиада оюндары дүйнөлүк ири спорттук иш-чара эле эмес, медалга жеткен спортчуларга атак-даңктан сырткары, өз өлкөлөрү тарабынан акчалай сый акыларды берген маанилүү учур да болуп саналат. Бул макалада биз ар кайсы өлкөлөр өз олимпиадачыларын кантип сыйларын жана медаль алган спортчуларды кандай акча күтө аларын карап чыгабыз.

Олимпиадалык медалдар үчүн төлөмдөр спортчуларды мотивациялоодо жана алардын карьерасын колдоодо маанилүү роль ойнойт. Ар бир өлкө маданий жана экономикалык реалдуулугун чагылдырган эрежелерине ылайык атайын каржылык өлчөмдөрүн белгилейт.

Азыр спорттук серепчилер Олимпиадалык спорттун түрлөрү профессионалдык деңгээлден эбак өткөнүн белгилешет. Анын негизги мазмуну – Олимпиадада жеңүүчү болуп, медаль алса, атак-даңк менен чоң суммадагы каржылык колдоого ээ болуу маанилүү экенин айтышат.

Тема боюнча

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026

 

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

АКШ спортчуларына берешен эмес, бирок…

Бул жолку олимпиада оюндарына эң көп атлет жөнөткөн АКШ (653 спортчу), башка мамлекеттерге караганда сый акыны дыйыма аз көрсөтөт. Кошмо Штаттарынын Олимпиадалык комитети (USOPC) бул оюндарда жетишкендиктери үчүн спортчуларга алтын медаль үчүн 38 000 доллар, күмүш үчүн 22 500 доллар жана коло үчүн 15 000 АКШ доллары болоорун аныктаган. Белгилеп кетчүү жагдай, 2020-жылкы Токио Олимпиадасында да спортчуларга ушундай эле сумма көрсөтүлгөн. Ал эми 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн олимп оюндарында: алтынга 25 миң, күмүшкө 15 миң жана коло медаль алган атлетке 10 миң доллар берген.

Бирок дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерге караганда, АКШ олимпиадага катуу даярданат жана спортчуларына шарттарды мыктылап түзгөн. Алар Колорадо штатынын Колорадо Сприңс шаарында бүтүндөй Кошмо Штаттарынын олимпиадалык спортчулары үчүн “U.S. Olympic training center” деген спорт комплексин ачышкан. Ал жерде алдыдагы мелдештерге спорттун дээрлик бардык түрү боюнча машыгып, даярданышат.

Ошентип АКШ спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана спортчулар үчүн заманбап машыгуу шарттарын камсыз кылууга активдүү инвестиция салган. Олимпиадалык машыгуу комплексттерине катышуу жана жогорку квалификациялуу машыктыруучуларга жана медициналык жардам алууга америкалык спортчуларда артыкчылыктар көп.

Кытай спортчуларын жакшылап колдойт…

Ал эми Кытайда олимпиадалык спортчуларынын машыгуусу үчүн системалуу мамиле жасап, мамлекеттик программалар спортчуларды жаш кезинен эле колдоого алат. Пекиндеги атактуу Спорттук машыгуу борбору сыяктуу олимпиадалык машыгуу жайларында спортчулар заманбап технологияларга жана машыгуу ыкмаларын үйрөнө алышат.

Кытай Олимпиада оюндарындагы медалдарды алган спортчулары үчүн жогорку каржылык сыйлыктарды берүү менен белгилүү экенин айта кетүү зарыл. Анткени алар 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада спортчулар алтын медаль алышса, 1 миллион юаньга чейин (болжол менен 140 000 доллар) алышкан. Күмүш медалдар 500 000 юань (70 миң доллар), коло медалдар 250 000 юань (35 миң доллар) менен сыйланышкан. Быйылкы олимп оюндарында да ушул эле сый акы калтырылган.

Спортчуларына акча төлөбөгөндөр да бар…

Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Норвегия, жана Швеция жеңүүчүлөргө акча төлөбөйт. Ал жакта спортчулар демөөрчүлөрдүн жардамы менен гана акча табышат. Бул өлкөлөрдө машыгууга, машыктыруучуларга жана кызматкерлерге акы төлөөгө жардам берүү менен гана чектелет.

Швециянын Олимпиада комитетинин башкы катчысы Аса Эдлунд Йонссон Forbes USA журналына берген маегинде: «Биз, спортчуларыбызга оюндардын алдында алардын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн максималдуу жогорулатуу үчүн зарыл болгон бардык колдоого ээ болушун каалайбыз»,-деген.

Ал эми, Улуу Британиянын жеңил атлетика командасынын башкаруучу органы медаль үчүн сыйлыктарды өкмөтсүз эле өздөрү төлөйт.

Спорттук уюмдардан төлөмдөр

Быйыл кээ бир спорт уюмдары спортчуларга биринчи жолу сыйлык берүүнү чечишти. World Athletics жеңил атлетика боюнча бардык алтын медал ээлерине 50 000 доллар төлөй турганын жарыялады. Ал эми Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) 2024-жылы июлда Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) тарабынан таанылбай калган бокс боюнча алтын медалга ээ болгондорго 100 миң доллар төлөй турганын билдирди.

Ал эми айрым учурларда, спортчулар мамлекеттик бюжеттен да, Улуттук спорт комитеттеринен да сыйлыктарды алышат. Мисалы: Индия өкмөтү алтын медалдын ээлерине 90 миң доллар, Олимпиадалык ассоциациясынан 120 миң доллар төлөйт. Андай мисалдар Борбор Азия мамлекеттеринде мындай көрүнүш өзгөчө бааланат жана башка булактардан да сыйлык алышат.

Атап айтканда, Париж олимпиадасында жеңүүчү болгон казакстандык Елдос Сметовго өзү туулуп өскөн Тараз шаарында мамлекет убада кылган акчадан сырткары, акыркы үлгүдөгү Lexus LX600 автоунаанын ачкычын, беш бөлмөлүү батирди жана 2,6 миллион теңге акчалай сыйлык тартуулашты. Ал эми Алматыда да автоунаа белекке беришкен.

Ал эми алтын алган өзбекстандык Диера Келдиерова мамлекеттен алган 200 миң АКШ доллар жана Chevrolet Tahoe автоунаасынан сырткары, Ташкент шаардык мэриясынан 3 бөлмөлүү батир жана 100 миң АКШ долларын, Хорезм шаардык мэриясынын атынан Ургенч шаарынан бир бөлмөлүү батир жана Chevrolet Malibu автоунаасын алды.

Борбор Азия мамлекеттери канча акча беришет?

 

1 of 4
- +

1.

2.

3.

4.

Борбор Азиядагы мамлекеттери Олимп оюндарында байгелүү орундарга жетишкен атлеттерине мурдатан эле ири суммадагы акча берүүнү убадалап келген. Бул жолу да дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк сумма айтылды.

Мисалы Казакстан алтын медаль үчүн 250 миң доллар, күмүш үчүн 150 миң доллар жана коло үчүн 75 миң доллар берүүнү чечкен. Андан сырткары, 4, 5 жана 6-орундарга 30 миң, 10 миң жана 5 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык убадалады.

Өзбекстан алтын медаль үчүн 200 миң доллар, күмүш үчүн 100 миң доллар жана коло үчүн 50 миң доллар убада кылса, Тажикстан биринчи орунга 14 миң доллар, экинчи орунга 9 миң доллар, үчүнчү орунга 4,5 миң доллар ыйгарууну көздөөдө.

Ал эми Кыргызстан алтын медалга 10 миллион сом (болжол менен 119 миң доллар), күмүшкө 7 миллион сом (болжол менен 83 миң доллар), колого 5 миллион сом (болжол менен 60 миң доллар) берүүнү убадалады.

Финансылык стимулдардын мааниси

Олимпиадалык медалдар үчүн акчалай сыйлыктар спортчулардын жеке жашоосунда гана эмес, жалпы эле спортту өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт.

Алар окутуу, медициналык тейлөө жана окутуунун башка аспектилерин каржылоого жардам берет. Көптөгөн спортчулар үчүн бул төлөмдөр жогорку натыйжаларга жетишүүгө көңүл бурууга жардам берген маанилүү стимул болуп саналат. Ошондой эле бул – келечектеги спортчуларга да стимул болуп, аларга мотивация берет. Жаш спортчулар өздөрүнүн кумирлеринин ийгиликтерин жана медалдар үчүн олуттуу төлөмдөрдү көрүп, спортко шыктанып, жогорку жетишкендиктерге умтула башташат.

Даярдаган: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

Түркия дүйнөдө биринчи болуп учкучсуз согуштук учакты куралданууга кабыл алды

20.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026
Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

Россия, Иран жана Кытай МАГАТЭнин инспекцияларын кайра баштоо үчүн Иранга карата чабуулдарды жана коркутууларды токтотууга чакырды

20.11.2026
Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

Путин Душанбеде Рахмон менен жолугушту

20.11.2026
АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

АКШнын дагы бир авианосеци Батыш Азия аймагынан чыгып кетти

20.11.2026
Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

Сенатор-демократ Адам Шифф Иран менен жаңжалдан улам АКШнын чыгымдары жана жоготуулары көбөйүп жатканын билдирди

20.11.2026
Таланттан аракетке: “Социалдык лифттер” Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

Ирандык Марзие Жафари Азиянын мыкты аял футбол машыктыруучусу аталды

20.11.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.