Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Палестина-Израиль жаңжалы. Газадагы акыркы кырдаал

  • Батыш Азия, Дүйнө
  • 09.11.2023 15:42

Loading

Газадагы курмандыктар 10 миңден ашты

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесинде Израилдин соккуларынын натыйжасында курман болгондордун саны 10,5 миңден ашты. Al Jazeera телеканалынын маалыматына караганда, ЦАХАЛдын анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагериндеги турак жайды бомбалоосунан эле кеминде 18 киши набыт болду.

Израиль армиясы Газа тилкесиндеги операцияларын улантууда.

Тема боюнча

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026

Үзгүлтүксүз кагылышуулар болуп жаткан Иордан дарыясынын батыш жээгинде Израилдин коопсуздук күчтөрү кагылышуу күчөй баштагандан бери ХАМАСтын 900дөн ашуун активисттерин, анын ичинде өткөн түнү 10 кишини кармады.

Ливандын Хезболла кыймылы менен дагы сокку алмашуулар да уланууда. ЦАХАЛ Ливандын сокку уруусунун натыйжасында кеминде эки израилдик жоокер жарадар болгонун билдирди.  Al Manar каналынын маалыматына караганда, Хезболла отряды Шомердеги Израиль армиясынын базасын аткылашты. Анын натыйжасында Израиль тарапта курман болгондор жана жарадар болгондор бар экени айтылууда.

Al Mayadeen телеканалы кабарлагандай, шаршемби күнү Ливандын чек ара аймактарындагы сегиз айыл Израилдин аткылоосуна кабылды. Ливандын Кызыл Крест Коомунун маалыматы боюнча, кагылыштардын күчөшү учурунда Хезболла жана Палестина күчтөрүнүн жоготуулары 66 жоокерди түздү, мындан тышкары, аткылоо жана аба чабуулдарынан улам 40 миңден ашуун адам үй-жайын таштап, 9 жай тургун набыт болду.

“Хезболланын” жактоочулары согуш учурунда израилдик 119 танкты атып иштен чыгарышканын айтышууда.

Газа тилкесиндеги кырдаал

Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) шаршемби күнү дагы Газа тилкесинин түштүгүнө карапайым калкты эвакуациялоо үчүн коридор ачылганын жарыялады. Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниэль Хагаринин айтымында, миңдеген тургундар чакырыкка жооп берип, анклавдын түштүк аймактарын көздөй бет алышты. БУУ Израиль бийлигинин Газа тургундарын анклавдын түндүгүнөн түштүгүнө эвакуациялоо буйругун “эл аралык кылмыш” катары баалады.

Al Jazeera телеканалы Газа тилкесиндеги булакка таянып, анклавдагы 18 оорукананын ишин токтотконун кабарлады. Палестинанын Кызыл Жарым Ай Коому түндүктөгү Аль-Кудс ооруканасы толугу менен изоляцияланганын, анткени ага баруучу бардык жолдор жабылганын белгиледи. Медицина кызматкерлери анын аймагынан чыга албай калышкан.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министри Мэй Кайлдин айтымында, Газа тилкесинин түштүгүндө баардык ооруканалар ишин улантууда жана бардык гумжардамдар ал жакка келип жатат, бирок ал аны “деңиздин бир тамчысы” деп да атаган жок.

Газага жардам

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Палестина анклавынын тургундарына дагы бир гуманитардык жардам кербенинин жөнөтүлүшүн көзөмөлдөө үчүн Египеттин Газа тилкеси менен чек арасындагы Рафах өткөрүү пунктуна келди.

Египет Кызыл Жарым Ай Коомунун Түндүк Синай провинциясындагы бөлүмүнүн башчысы Халед Заид кечээ кечинде гуманитардык жүк ташыган 81 жүк ташуучу унаа Рафах өткөрмө пункту аркылуу Газа тилкесине жөнөтүлгөнүн, бүгүн дагы 60 жүк ташуучу унаа жөнөтүүгө даярдалганын билдирди.

Күн мурун ХАМАС Египет чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу анклавдан чыгууга уруксат берген чет элдик жарандардын жаңы тизмесин жарыялады. Алардын арасында АКШнын дагы 100 жараны, ошондой эле Германиянын, Канаданын, Румыниянын, Украинанын жана Филиппиндин жарандары болгон.

Эл аралык реакция

“Чоң жетилик” (G7) өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Токиодогу жолугушуунун жыйынтыгында биринчи жолу Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча бирдиктүү документ боюнча макулдаша алышты. Япониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава “Чоң жетилик” “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибин палестина-израилдик жаңжалды чечүүнүн бирден-бир мүмкүн болгон негизи деп эсептейт деп билдирди.

G7 өлкөлөрү ошондой эле ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулдарын айыптап, барымтадагыларды бошотууну талап кылып, согуштук аракеттерде гуманитардык тыныгууну жактай тургандарын билдиришти.

Ал арада Израилдин Газадагы аракеттери барган сайын олуттуу реакцияларды жаратууда. Алсак, Бельгиянын вице-премьер-министри Петра Де Суттер Израилге каршы санкция киргизүүнү сунуштады. Ал эми Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани эл аралык коомчулукту Израилди Газа тилкесин калыбына келтирүү үчүн репарация төлөтүүгө мажбурлоого чакырды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Газа тилекесижаңжалИзраильХамас
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

13.11.2026
Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

13.11.2026
Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.